Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Улан Исмаилбеков катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө коррупциянын алдын алуу, мыйзам талаптарын сактоо, коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо жана билим берүү мекемесинин кызматкерлеринин жоопкерчилигин жогорулатуу маселелери талкууланды.
Өзгөчө көңүл этика боюнча комиссиянын ишин натыйжалуу уюштурууга, ошондой эле студенттердин жана кызматкерлердин кайрылууларын кабыл алуу үчүн ишеним ящиктерин жана QR-код аркылуу электрондук кайрылуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында мекемеде коррупцияга каршы маданиятты мындан ары чыңдоо, мыйзамдуулук, адилеттүүлүк, ак ниеттүүлүк жана жоопкерчилик принциптерин сактоо маанилүү экендиги белгиленди.
#ТазаКыргызстан, #МенПараБербейм, #МенПараАлбайм